Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы экс-депутат Самат Ибраев башында турган топ ар бийликтин тилин таап, элге акчасын кайтарбай келет. Бул акчаны алып берүүдө толтура факттарга карабастан коопсуздук кызматкерлери «алсыз» бойдон калышууда. Спикер Дастан Жумабековдун учурунда парламентти мыкчып турган Самат Ибраев. Спикер анын «тилине» кирип, элдин кыжырын кайнаткан болчу. Азыр бийликтен кетишкен, Самат Ибраевдин «тилине» көнгөндүгү үчүн жооп берер кез келди.
Самат Ибраев мурда үй-бүлөсү менен менен «Иегова күбөлөрү» деген сектада жүргөн. Кийин Атамбаевдер бийликке келгенде намаз окуп, «Саякбай», «Легенды» деген кино тартып, бийликке жакындаган. Атамбаевдин бийликте таасири түшкөн соң Дастан Жумабековго жата парламенттин аппарат жетекчиси болгон Самат Ибраев кыйратып деле ийген жок, жата калып жерди жалап «Манас» эпостун аркасы менен чамгарактап байып алган. Баласы 500 миллион сомго арзан темир берем деп аферисттик кылып, качкан бойдон дүүлүгүп барып, из жашырып Болгариядан колго түшүп, ал жактан баш калкалоо сурап жүрөт.