Сапарушканы Бабанов баштаган Атамбаевдин кошоматчылары өкмөт башына алып келишкен. Сапар Исаков 30 миллион долларды каяктан тапты? Албетте, ким президент болсо да куйругуна жабышып жүрүп, Кыргызстандын экономикасын соруп жүрүп мындай жетишкендикке жеткен. Эмне үчүн Москвага клиника куруп жатат? Сапар Исаков орус элитасына жагынгысы келет. Ал студенттик скамейкадан өйдө болор менен ал кездеги Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жердештикке салып колдоо көрсөтүп ТИМге кызматка алган. Анын атасы ошол кездеги президент менен бирге иштешкендиктен Жумакадыр аксакал жуда тааныштыкка салып тез эле ЦАРИИнин маалыматын тескеп калат. Аны кызматынан колдоп өйдө көтөргөн Аликбек Жекшенкуловдун башына иш түшкөндө түкүрүп да койгон эмес. Тескерисинче , мыйыгынан күлүп, таскагын уланта берген. 2010-жылы АКШга Максим менен бирге барган күнү бийлик алмашып кетет. Максим ошол бойдон келген жок. Сапар Исаков терисин тескери жамынып «хамалеончо» өзгөрүлүп Атамбаевдин ишенимдүү адамына айланат. 2011-жылы Атамбаев президент болордо Аликбек Жекшенкуловду далыга чаап, «эшек кечүүдөн өткөн соң»  бармагын көрсөтүп койгон. Аликбек Жекшенкулов Атамбаевге жүгүнүп барган жок, ал эми Сапар Исаков бүгүлүп жүрүп ТЭЦти кайсап, өкмөт башчысына чейин жетти.  2020-жылдын октябрындагы саясий окуялардан кийин качып кеткен, качкын Сапар Исаковдун кийин коомчулукка таркаткан билдирүүсү көпчүлүккө кызыкчылык деле жаратпай талкууга деле алынбады. Исаков “адилеттик болору менен өлкөгө кайтып келем” деп, Бабановго окшоп кыңкылдап койгон. Ал тургай азыркы бийликтердин шарапаты менен өлкөдө адилеттик орнойт деген үмүттө турганын жашырбаган эле. Өзү өкмөт башкарып, Атамбаев президенттик бийлик жүргүзүп турганда кандай адилетсиздиктер, куугунтуктар, соттордун акыйкатсыздыгы болгонун эске да алган жок.


Аны бийлик жакын жолоткон эмес, Москванын бийлиги да жакын жолотподу. Орусиянын ТИМин жетектеген Лавров тиши кагылып бүткөн чоң саясатчы ал экс-премьер  балашка Сапарушканы чыпалагына да теңеген жок. Себеби Сапарушка убагында кыргыз элин мүлжүгөн. Кызматта турганда ТЭЦ деген долбоор эмнеге кыргыз элине каршы иштелген? Эмнеге баасы асмандап, бирок элге кымындай пайдасы болбоду? Азыр дагы эле ТЭЦтин маселеси чыгып жатат? – деген суроо жаралат. Ал эми олчойгон карызды ким төлөйт? Атамбаев менен Исаковбу? Жок, эл төлөйт.

Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, олигархка айланганын кайда жашырабыз? Кайыңды кабель ...

Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып ...

Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы экс-депутат Самат Ибраев ...

Кубанычбековдун камалып жатканына катуу кайгырып жатканын Мишустин менен кер-мур айтыша кетчү ...

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 2021-жылдын 1-ноябрынан көтөрүүгө ...

Чүй облусунда Ысык-Ата районунан бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайланган Акбөкөн Таштанбеков ...

Жогорку Нарын ГЭСинин курулушу үчүн «Русгидро» 37 млн доллар берип, бул ГЭСтер курулбай, акча ...

Адахан Мадумаров 14, 17 жана 18 январда Башкы прокуратурага чакыртылган. Ал чек арадагы жерди берип ...

Жогорку Кеңештин отурумунда атажурчу депутат Айбек Осмонов  Абылгазиевдин учурундагы мамлекеттик ...

Рыскелди Момбеков Бишкек шаарындагы кайра шайлоодо өз талапкерин койгон. Башкы прокурор Курманкул ...

Өзү үчүн арстандай иштегендер, эли үчүн арыс чычкандай иш бүтүрө алабы? 2015 жылдан БНИЦТО ...

Евразиялык өнүгүү банкы жазга чейин доллардын курсу канчага көтөрүлөрүн айтты. ЕАӨБдүн ...

Каржы министрлигинин айтымында орто эсеп менен судьялардын айлыгы 81 000 сомдон 160 000 сомго ...

TPL_BACKTOTOP