Чүй облусунда Ысык-Ата районунан бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайланган Акбөкөн Таштанбеков элди бөлүп-жарып, башка жактан келгендерди басмырлаганы үчүн УКМКнын СИЗОсунда камалган. Жалпы Чүйгө келип жашап жаткандарды уят сөз менен сөгүп, акаарат келтиргени үчүн жоопко тартыла тургандай. Бул адам Чүй облусунан шайланып депутат болбой эле койгону оң дешет шайлоочулар, анын трайбалисттиги чекеге чыккан чыйкан болду. Тез арада жалпы Чүйгө келип жашап жаткандардан кечирим сурап, жоопко тартылышын шайлоочулар айтып жатышат. Акбөкөн Таштанбеков депутаттыкка татыктуу эмес дешет.
Улут аралык жана аймак аралык жаңжаалдардын чыгып кетишине шарт түзгөн Акбөкөн Таштанбеков 2021-жылдын 6-декабрында УКМКнын укуругуна илинген. Анын үстүнө кылмыш иши козголуп караңгы торго түшкөн. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутатына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун камалышы тууралуу чечимди бекемдеген. Учурда Свердлов райондук соту тарабынан Акбөкөн Таштанбековдун кылмыш иши токтолду. Албетте, көптөгөн жайлардын ээси, айрыкча мончолору көз жоосун алат. Бекер жерден афганчы генерал Абдыгул Чотуевден мурдуга жеген эмес да.