Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга тараптар катуу бет алышты. Бул тууралуу жол,унаа министрлигинин пресс-катчысы Кылычбек Досумбетов брифингде кабарлады. Муну ишке ашыруу үчүн үч мамлекет тең чамына баштады. Казакстан менен Өзбекстандын Борбор Азияда лидерликти көксөө тилеги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга себеп болууда. Бүгүнкү күнү бир гана альтернативасы жок Казакстандын аймагы ушул чөлкөмдө темир жолду көзөмөлдөп турушу Ташкендин ичин өрттөп, Борбор Азияда лидер болуу демин суутуп жаткандай. Учурда бул оюнга согушуп жатса да апийим өндүрүп миллиардаган доллар таап жаткан Ооганстан да кошулуп жаткандай. Ооганстан Өзбекстан аркылуу Казакстанды аралап Кытайга жол ачты. Эгер ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп калса:


1. Казакстанды аралап жүрбөй жол кыскарып, Ооганстан да ушул кыска жол менен Кытай менен байланышып калмак. 


2. Ооганстанда темир жол куруу иштери өркүндөп баратат. Өзбекстан Мазари-Шариф –Кабул- Пешаварга чейин 573 чакырым жолду 5 млрд долларга баалап Бүткүл дүйнөлүк банкты пайдаланып кура баштады. Бул темир жолу Өзбекстанды Пакистан менен байланыштырат.


3. Тажикстан Мазари-Шариф –Герат сыяктуу оганстандын аймагы боюнча ирандын Мешхедине чыкканы турат. Демек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп калса Ооганстандан тышкары Пакистан, Иран, Тажикстан кошулат.


4. 2017 –жылдын августтунда Иран Ооганстанды көздөй кеткен темир жолдун 184 чакырымын бүткөн. Ооганстандык Гераттан Ирандын Хафа шаарына кете турган темир жол менен Европага көздөй 11 эл аралык коридорго жол ачылган, андан тышкары деңизге чыкса болот.


5. Транспорттук коридор боюнча ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери көптөн бери жанданбай келатат.


6. Геосаясий абалы боюнча өз аймагынан өтө турган темир жол курула турган болсо Суэц каналы менен катташып жаткан Күн чыгыш менен Күн Батыштын ортосу 8 миң километрге кыскарса,  Африканы тегеренип келип катышкан соода 15 миң километрге  кыскарат. Бишкектен Москвага чейин 3818 километр экенин эсептесек, Москвага төрт жолу барган жол кыскарат. 


7. Европа тарапка Кытайдын тышкы соода обороту эки жүз млрд. долларга чукул десек, тең жарымы биз аркылуу өтсө, болжолдуу Кыргызстанга жылына 1 пайызы тийсе, трансазиаттык магистралдын эсебинен Кыргызстандын экономикасын инвестициялоо үчүн миллиондогон доллар түшүп калышы мүмкүн. Бул трансконтиненталдуу темир жолдун келиши менен анын айлана-чөйрөсүндөгү кен байлыктары акырындык иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 


8. Азыркы учурда интеграцияга бара жаткан Азия менен Европаны бириктире турган эң кыска жол биздин аймак болуп эсептелет. Бирок, Кыргызстанда транзиттүү жүк өткөрө турган заманбап темир жол жок болгондуктан жаңы Жибек жолунун ролун аткара албай жатат. Байыркы заманда Батыш менен Чыгышты бириктирип турган чыйыр Жибек жолу Кыргызстандын аймагы боюнча өтө турган. Деңиз жолдорунун ачылыш менен Жибек жолу тарыхта гана калды, бирок Кыргызстандын эң  зор Батыш-Чыгышка азыркы учурда эң пайда бере турган мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат.

Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, олигархка айланганын кайда жашырабыз? Кайыңды кабель ...

Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып ...

Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы экс-депутат Самат Ибраев ...

Кубанычбековдун камалып жатканына катуу кайгырып жатканын Мишустин менен кер-мур айтыша кетчү ...

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 2021-жылдын 1-ноябрынан көтөрүүгө ...

Чүй облусунда Ысык-Ата районунан бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайланган Акбөкөн Таштанбеков ...

Жогорку Нарын ГЭСинин курулушу үчүн «Русгидро» 37 млн доллар берип, бул ГЭСтер курулбай, акча ...

Адахан Мадумаров 14, 17 жана 18 январда Башкы прокуратурага чакыртылган. Ал чек арадагы жерди берип ...

Жогорку Кеңештин отурумунда атажурчу депутат Айбек Осмонов  Абылгазиевдин учурундагы мамлекеттик ...

Рыскелди Момбеков Бишкек шаарындагы кайра шайлоодо өз талапкерин койгон. Башкы прокурор Курманкул ...

Өзү үчүн арстандай иштегендер, эли үчүн арыс чычкандай иш бүтүрө алабы? 2015 жылдан БНИЦТО ...

Евразиялык өнүгүү банкы жазга чейин доллардын курсу канчага көтөрүлөрүн айтты. ЕАӨБдүн ...

Каржы министрлигинин айтымында орто эсеп менен судьялардын айлыгы 81 000 сомдон 160 000 сомго ...

TPL_BACKTOTOP