Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясына 120 жашка толгон белгилүү саясатчы Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылды. Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн котормо:
09.10.1928
Бул кʏн анча деле тыянаксыз ѳттʏ. Бир нече дыйкандарды кабыл алдым. Бардыгы айыл чарба салыктарынын оор салмагы мʏӊкʏрѳтʏп жатканын айтышат. Чындыгында эле салыкты кѳбѳйтʏп жибердик. Былтыркы жылы 10 сом тѳлѳгѳндѳр, быйылкы жылы 100 сом тѳлѳшѳт. Туура эмес, бирок муну оӊдоого менин кʏчʏм жетпейт. Бул «элдин камын кѳргѳн, кѳрѳгѳч» борбордук жетекчиликтин иши.
Орто Азия федерациясын тʏзʏʏнʏ тездетʏʏ боюнча сунуштарымды Зеленскийге докладдык записка кылып жаздым. Мен мунун канчалык зарыл экендигин жазсам да, бир нерсе жетишпегендей…
Бʏгʏн Ташкентке Орто Азия Бюросунун Борбордук Комитетинин пленумуна даярданып жаткам, бирок Пленум 20-сына жылдырылды деген телеграмма алдым. Баракелде!! Дагы бир жума иштей турайын.
Мамлекеттик сооданын активдери Эл комиссариатынын Советинин токтомун ѳткѳрдʏк. Упсырзаг Кыргызсельсоюзга мал чарбачылык секцияларын бекемдѳѳ ʏчʏн капитал жана мʏлктѳрʏн берди. Акыркы маселе ЭКСтин мʏчѳлѳрʏнʏн арасында ар кандай кѳз карашты жаратты.
Партбилеттʏʏ «колонизаторлор» биздин республикада мал чарбачылыгын ѳстʏрʏʏгѳ кам кѳрʏшʏбʏздʏ жактырбай, колдогусу келишпесе да, кʏчкѳ салып бул маселени колдоого алууга макулдаттым.