Текебаевдин Германияга элчи болуп кетиши менен отуз жылдык эски доордун иши бүттү. Жапаров -Текебаев кайым айтышы 2020-жылдын октябрынан башталган. Көпчүлүк бийликке баш оору болуп келген Текебаев “музоо кезинде сүзүп койойун” деп Жапаровго асылган. Ал кездеги өкмөт башчысы Жапаров “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деп, аны Көтани сыяктуу бир топ кошоматчылар далилдеп беребиз деп колдоп чыгышкан. Ошол замат “Азаттык” үналгысына курган маегинде Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген сөзүнө жооп берген. Журналисттин суроосуна сунуш менен кайрылган Текебаев аны Жапаровго берүү керек экенин ишарат кылган: “Садыр Жапаров сотто далилдеймин деп сотко түздөн-түз көрсөтмө берип жатат. Сиз ошол суроону Жапаровго берип көрбөйсүзбү. Эгер Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар алган болсо, Кыргызстандын байлыгын чет элдикке бекер кармата коем деп жүрсө, анда эмне үчүн түн катып үйүнө барып, аны менен сүйлөшүп жатасың, эмне үчүн эл алдында 5-6 жолу жолугуп сүйлөшүп жатасың деген суроону ага берсеңиз болот”, - дейт Текебаев.
Текебаев 2020-жылы да шайлоо алдындагы шалтаң жүрүштөрүн баштаган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында эл алды Текебаев чыга калып Темир Сариев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабалдиеваларды чогулта коюп мөңкүй баштаган. 2021-жылы да урматтуу Чиркешович Германияга элчи болуп кетет деген ушактарга чекит коюп, шайлоонун шайтан жүрүштөрүн баштаган. Анын эң алгачкы искеп, эңсеп келген Курсан Асанов 2020-жылы парламенттик шайлоого акча чачып, ЖКга өткөн, шайлоону жаратпай койгон соң «элдикмин» деп жар салган «Бүтүн Кыргызстан» менен чыгып, бийлик алмашар менен Ички Иштер министрлигин басып алып, тез эле ал жерден куулуп чыккан. Курсан Асанов Текебаевге добуш алып берген эмес, арийне Текебаевдин кайырмагына түшкөн. Бирок Текебаев компромисске келип эми өзү Германияга элчи болуп кетсе, Курсан Асанов үй камагына бошотулду. 2021-жылы шайлоодон соң таламандын тал түшүндө Текебаевге чүйлүк жигит кол салып телефонун тартып кеткени бар. Андан да оозун канжалата койгонун карасаң. Деги жүрөгү тоо жигит экен, же Текебаевди «темселетип» атак алайын дегениби? Бул ирет парламенттик шайлоодон өтпөй калып Текебаев Али Токтакунов менен катуу кыжырланып жатышса, анын телефонун тартып алганы эмнеси?