Евразиялык өнүгүү банкы жазга чейин доллардын курсу канчага көтөрүлөрүн айтты. ЕАӨБдүн серепчилеринин айтымында АКШ доллары 86 сомдон өйдө көтөрүлбөйт. Доллар 84-86 сомдун тегерегинде калкып турат. Андан ташкары серепчилер 2022-2023-жылга да сереп салышты. Алардын айтымында учеттук ставка 7,5-8 пайызда турат. Азыркы учурда инфляциянын деңгээли 5-7 пайыз болуп турганда бул нейтралдуу.
Улуттук банкта жештин схемасы мындай жума күнү валюта рыногун жөнгө салып, сомдун кунун сактап калуу үчүн интервенцияга шылтоолоп УБ «любимчик» банкына 7,5 млн доллар которот. Алтынчы, дем алыш күндөрү бул акчалар коммерциялык негизде «оборотко» кетишет. Ортодо табылган 1 млн. долларды чөнтөгүнө шып салып койот. Доллардын курсун ал жерде шак түшүрүштү 82 сомго, эки күндө 100 доллардан 100 сом таап, Кубанычбек Бөкөнтаевге бергендерин да, андан тышкары өз курсагын да тойгузушту. Ушундай ач көз банкирлер бийлеп турганда кыргыздар өспөйт. Мындайларды отоо чөптөй жулуп салыш керек. Акчалар кимдин чөнтөгүнө ойноп жатат, бир кудай билет, бир Кубанычбек Бөкөнтаев билет.