Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеев кызматынан бошоду. Жээнбековдордун «Акыркы могиканы» кызматынан кол жууду.
Арстанбек Дүйшеев Султан Ибраимов спикерден премьер-министрге кеткенде ордун ээлеген, ал эми Султан Ибраимовду атып кеткен соң премьер-министр болот. Жетиген уруусунан Арстанбек Дүйшеев Кеминден, ал Өзгөндө райком болуп турганда уулу Карыбек туулат. Эмне үчүн аты Карыбек болуп калат? Карыбек Тыналиев (Нарында облисполком болгон), Кадыракун Базарбаев (Тянь-Шань, Кочкор, Совет, Таласта райком болгон) Арстанбек Дүйшеев айыл чарба институтунда чогуу окушуп дос болушкан, балдарына досторунун атын коюшкан. Кадыракун Базарбаев Советте райком болуп турганда Шарип Жээнбеков райондук потребсоюзду жетектеген. Экөөнүн мамилеси дурус болуп, Базарбаев достору Дүйшеев, Тыналиевдер да Жээнбеков менен жылаңайлак катышкан. Бекер жерден Асылбек Жээнбеков спикер кезинде Карыбек Дүйшеевди кеңешчи кылып алган жок. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң 2019-жылы Конституциялык палатаны башкарып калат.