Тажикстан деле оңуп кеткен жок,ага коңшулаш Эмомали Рахмонго тиш кайрап турган талибандар башында турган Ооганстан турат.Алар да Москванын ракеталарынан чоочуп турушкандай. Тажикстан да баз сыяктуу ЖККУ (ОДКБ) мүчөсү. Ошондуктан кыргызга тийишсе ЖККУ (ОДКБ) унчуга албай кайсалактап калат. Баткен облусундагы 9880 жашоочу туулган жерлерине кайтып келди. Коркунучтуу аймактан 11 миң 410 адам тууган-туушкандарыныкында калкаланып жер которгон. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Тажикстан менен талаш маселеге айланган чек арадан башка эмнебиз чогуу? Биз муну дурустап талдай элекпиз. 60 пайызы чечиле элек 984 километр талаш чек арабыз бар, андан башка эмнебиз окшош? Тилибизби? Жок, алардыкы фарси тили. Тарыхыбызбы? Жок, Советтер Союзунан беркиси эле окшош. Бизди эмне бириктирет, эмне ажыратат? Эл аралык актуалдуу маселелер боюнча позициябыз окшошпу?
Соода-экономикалык байланышты алсак. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Орусия алдыда, Пакистан, Өзбекстан, Швеция! Ал эми 99-жылы биз 12 пайыз болчубуз. Мамилебиз да башкача болчу. Ошонун баарысын тактап, кайсы багыттарда бирдиктүү позицияда экенибизди, кай жерде үзөңгүлөш боло алабыз дегенди тактап алышыбыз керек. Кичинекей Арка айылында 15 май куючу жай болгон. Эмнеге? Алар күйүүчү майды коңшу өлкөгө сатышкан. Аткезчилик ошол май куючу жайларда болгон. Иликтөөдө май куюучу жайларга аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары ээлик кылары көрсөтүлгөн.