«Түшпөс хан» Шайлдабекова башында турган БШК 15-декабрда Жанар Акаевди мурунтуктап ордуна Оргалчаны депутат кылган. Мандат албай калган Акаев сотко кайрылган, сот анын талабын 21-декабрда канааттандырды. Эми эмне болот? Мыйзам боюнча башка улуттун өкүлү депутат болгонго тыюу салынбайт. Бирок Кытайдан келген башка улуттун өкүлү депутат болсо өөн учурайт. Себеби, Оргалча уйгур, кытай, шпион дегендер чыгышты. Буга жооп кылып Оргалча таятасы көлдүн Талды-Суусунан экени айтылып чыкты. Ошондуктан көлдүк мамлекеттик башчысына жакны деп да чыгышты. Барынан кызыгы еврейлер эне жагынан уруу сүрүштүрүп келишет. Орголчанын эне тарабы кыргыз экенин өзү жазды,ал эми ата-теги ким, ал тууралуу кеп да кылган жок. Эмне үчүн ата-тегин жазбайт?
Кытайлык Оргалчанын Жанар Акаевдин ордуна депутат болушу чоң ызы-чууну жаратты. «Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» мамлекет башчысы алмашкан соң Конституция да, Шайлоо кодекси да өзгөрүлгөн. Жаңы шайлоо кодекси боюнча гендердик саясатты туура колдонуп, аялзатына жол ачыш үчүн эркектердин жолу буулуп 4957 добуш топтогон Жанар Акаевдин ордуна 1286 добуш алган Кытайдан келген Токтобүбү Оргалча парламентке келе турган болгон. Бул тууралуу Шайлдабекованын көрсөтмөсү менен БШК мүчөсү Жылкыбаев жылмалап түшүндүргөн. Айланып отуруп Жанар Акаев депутат болду.