1991-жылы декабрда СССР тарап, 1992-жылдын 1-январында баа көтөрүлүп, гиперинфляция башталат. Орусияга өз алдынча баш болуп калган Борис Ельцин 1992-жылдын февралында АКШга иш сапары менен барып, ал кездеги АКШ президенти Жорж Буш (атасы) менен жолугушуп: «Кансыз согуш (Холодная война) тамам болду» деп, залп менен арак алып жиберген. Бокең аракты катуу ичип алып Штаттарда ыштанчан болуп алып Вашингтонду дүрбөттүп жиберген. Орус элине Борис Ельцин жага турган, анткени ал Орусияга президент болсо да «арак сүйүүчүлөрдүн» тизмесинен түшкөн эмес.
Борис Ельциндин АКШга жасаган биринчи иш сапары абдан муңайымдуу болгон. Эскерте кетсек, ага чейин деле Борис Ельцин Горбачев менен бийлик талашып АКШга көп ирет барып, мас болуп алып бийлеп, элдин көңүлүн ачып келген. Ал эми президент болгон соң Борис Ельцин арактан өкүртө ичет да, эшикте аны күтүп тургандарды уруп ойнобой, учактан түшөөр менен учактын дөңгөлөгүнө жаба койо берет. Албетте, учактын ичинде деле туалет бар эмеспи, мас киши аны ойломок беле.
Вашингтонго болгон иш сапарында Борис Ельцин жана да мастыгын Америкага арнаган. Кечки сый тамакта ал өтө катуу ичип алып ардактуу меймандар үчүн даярдалган жайдан орун алат. Мас Бокең тамтаңдап ыштанчан туруп, көчөгө чыгат да такси тосо баштайт. Аны Ак үйдүн атайын кызматкерлери кармап калышат. Эсине келген Борис Ельцин АКШнын Вашингтонунда жүргөнүн эстеп, пицца алып келмекмин деп аларга түшүндүрөт. Тилекке каршы, Борис Ельцинге пиццаны каалаган убакта алып келүүнү уюштуруп коюшкан экен.
Борис Николаевич элдик фольклорду өтө баалай турган. Жаңы эгемендүүлүктү алган Кыргызстанга келгенде, ал адаттагыдай эс-мас болгуча катуу ичип алат да кашык менен кантип барабан ойной турганын башкаларга үйрөткүсү келет. Ага барабан катары Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев кашка башы менен туруп берген.