Президент Гурбангулы Бердымухамедов кезексиз элдик кеңешти чакырды. Ал мында кезексиз президенттик шайлоо өткөзүп уулу Сердарга бийликти өткөзүп бермек.Бирок Казакстанда болгон башаламандык аны бул оюнан кайтууга аргасыз кылды.Түркмөнстанда Бердымухамедовдун пульсу согуп турат, ошондуктан ал өзүнө бийликке кийлигише турган жаңы пост даярдай баштаган. Казакстан сыяктуу Түркмөнстанда да баалар дүркүрөп өсүп жатат.Казакстан сыяктуу окуялар кайталанып кетпеши үчүн Гурбангулы Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөзүп тиешелүү органдарга интернетти ооздуктоо, элди тартипке салуу үчүн катуу талаптарды койду.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өзүнүн орун басары жана Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кылып дайындаган. 39 жаштагы Сердар үчүн кошумча вице-премьердин кызматы түзүлүп, ал Түркмөнстан коопсуздук кызматынын курамына кирет. Сердар Бердымухамедов жаңы кызматка дайындалар алдында Түркмөнстан Жогорку көзөмөл палатасынын имаратында укмуштай ремонт жасалган. Сердар Бердымухамедов үчүн атайын элди таң калтырган эс алуу террасасы курулганы, ал эмес жакын жайгашкан үйлөр сырдалып, капиталдык ремонттон өткөн. 2020-жылы 7-февралда президенттин уулу өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри болуп дайындалган. Ага чейин Ахал облусунун губернатору болгон.