Ушул жумада Казакстандын экс-президенти Назарбаев үн катып, 2019-жылдан бери пенсияда экендигин баса белгиледи. Орусия президентинин пресс-катчысы Песков Путиндин Токаев менен Назарбаевке мамилеси жакшы экендигин билдирип, бул жылуу мамилелер кала берерин билдирген. КНБ жетекчиси уйгур улутундагы Масимов  укурукка чалынып камакка алынды. Ушундан улам Назарбаевдин таянган тоосу урап, Казакстанда болуп жаткан кырдаалдан Назарбаевдин доору бүтүп, Токаев жеңишке жетишти десе болот. Назарбаев-Токаев тандеминин таш-талканы чыгып Назарбаевдин кадыры биротоло тебеленди. Өзүнө мураскор катары алгач Назарбаев кошоматты жакшы жасайт деп Масимовду тандаган, бирок казактар уйгурду мамлекет башына алып келбесине көзү жеткен соң, аны КНБ же бизче УКМКга жетекчи кылат. Токаевди мураскор кылар алдында, ал дипломат катары  бир топ жыл сыртта жүрүп командасы жок экенине басым жасаган. Ашына Өзбекстанда Каримов күтүлбөгөн жерден көз жумган соң анын кызы Гүлнара камалса, Лола бардык мүлктөрүнөн кол жууган. Ушуларга акыл калчап, Назарбаев көзү тирүүсүндө кыздарына бийликти өткөрүү үчүн Токаевди «трамплин» кылган. Формалдуу жана жашыруун бийлик анын колунда калган. Биринчи президенттик статусу ага кепил болуп берсе, Коопсуздук Кеңешинин төрагалыгы андан кийинки президенттин колу-бутун тушап салган. Уйгур Масимовдун КНБнын башында турушу Токаевди такалап турган. Казакстанда болуп жаткан курч кырдаал кош бийликти ташын-талкан кылып жиберди. Алгач өкмөт башында турган Аскар Мамин менен назарбаевдик доордун көзүрлөрү ордуларынан жылмышты. Анын отставкасын көптөн бери талап кылып келатышкан, бирок Назарбаевдин кадыр-баркы менен жүргөн.

Орусиянын либералдык -демократиялык партиясынын ана башы Владимир Жириновский сегиз ирет коронавируска каршы эмделсе да бул ооруну жуктуруп алды. Орусия Илимдер Академиясынын академиги Виталий ...

Оогандык «талибан» бийлиги Казакстандагы болгон башаламандыктарга тиешеси жок экенин саймедиреди. 10-январда Казакстандын президенти Токаев чет элдик «боевиктер», алардын арасында ооганстандык ...

1991-жылы декабрда СССР тарап, 1992-жылдын 1-январында баа көтөрүлүп, гиперинфляция башталат. Орусияга өз алдынча баш болуп калган Борис Ельцин 1992-жылдын февралында АКШга иш сапары менен барып, ал ...

Украинада 10 миң доллар,  Өзбекстан президенти 16 миң доллар, казак президенти 20 миң доллар, кытай кожоюну 22 миң доллар, Белорус президенти 34 миң доллар, Орусия президенти 126 миң доллар, немец ...

Президент Гурбангулы Бердымухамедов кезексиз элдик кеңешти чакырды. Ал мында кезексиз президенттик шайлоо өткөзүп уулу Сердарга бийликти өткөзүп бермек.Бирок Казакстанда болгон башаламандык аны бул ...

TPL_BACKTOTOP