«Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» дейт. Бул жаңы парламент «Төө көтөргүс жүк» көтөрүп жаткансып, тайралаңдаган эрке вице-премьер Эдил Байсаловду такалап койгусу келишет. Аксы округунан Нурлан Шакиев «чу» дегенде эле Эдил Байсаловду алка-жакадан алып, сын-пикирин айтты. Эрке Эдил Байсалов парламентти үйрөткүсү келип жатканын баса белгилеп, «балакай баатырдын» этикасы тууралуу маселе көтөрдү. Байсаловду чалчактатпай тезинен ооздуктап, башкаларга үлгү болуш үчүн тартипке чакырып коюуга чакырды. !Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутат Исхак Масалиев да Эдимл Байсаловго «бурама токочторду» жаадырды. Атажуртчу депутат Айбек Маткеримов да ага сын пикирин жаадырды. Президент менен минкабдын парламенттеги өкүлү Алмас Абытов туура түшүнүп президентке бул сөздү жеткирем деп убадасын берип жиберди.
БШК депутаты Султанбеков: «Байсалов психиатрга көрүнсүн» -деп бекер жеринен айткан эмес чыгар. Жаңы парламент «аа» легенде эле Эдил Байсаловдун орой мамилесине жооп бере башташты. Оппозицияда жүргөндө бийликти жекирип, сындап, НПОлордун башында жүргөн Эдил Байсалов колунан эч нерсе келбесин айгинелеп жатат.