Эт жебес Эшимов деген эр экен, 2021-жылдын 11-сентябрында 550 миң доллар менен УКМКнын укуругуна илинип,2021-жылдын декабрында кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. 2020-жылдын январында Биринчи май райондук соту сыртка чыкпасын деген чечим чыгарган. Жогорку Кеңештин 26-январындагы жыйынында Эшимов кызматынан кетүү тууралуу арызын кайра чакыртып алган. Эми эч кебелбей эч нерсе болбогонсуп, момурап БШКга жумушка чыкты. Бул жерде кандай шек болушу мүмкүн. Шаршенбек Абдыкеримов экөө «Мышык-чычкан» ойноп коюшуп кимдир-бирөөлөрдүн оозун басышкан жокпу?
Шайлоо башталганда ал кездеги «Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Шаки менен БШК мүчөсү Эшимов Акылбекке жан кирет. Булар алдыңкы тизмеге кийирүү үчүн кимдир бирөөдөн 550 миң доллар алышкан. Бирок партиясы суу кечпей калган соң алган акчанын 300 миң долларын гана кайтарып беришип, калгандары менен тамактарын майлап коюшкан. Парламенттик жыйында БШК мүчөсү Эшимов Акылбекти шишкебек кылып какташып, БШК мүчөсүнөн жок кылышмак. Ал болсо акталып чыкты.