Ымыркай депутат депутаттык ордун майлайм деп маянасы жетпей калган учурлар болот, ошондуктан ага кошумча витаминдерди издөөгө туура келет. Арийне, алты айга толо элек ымыркай депутаттын бирөөлөрдүн чөнтөгүнө көз артканы туура эмес. Партия лидерлери бюджеттен кошумча акча табууга аракет кылуусу керек. Мугалим, дарыгерлердин эмне кереги бар. Алгач депутаттардын айлыгын көтөрүү керек. Кол ийрисине тартпаса болбойт. «Дух» ымыркай депутаты «бөлтүрүк» жашга толгуча ууга алып чыкканга болбойт. Алты айга чейин калем сапты кармаганды, компьютерде ойногонду, туалет каякта экендигин гана үйрөнсө жетишет. Көптү үйрөнсө көөп кетет.
Ымыркай депутатка алты ай толгондо микрофондо сүйлөгөнгө кичинеден үйрөтө баштаса болот. Алты айлык кезинен ар кайсы жакка ууга алып барып үйрөтө башташ керек. Ушул мезгилден баштап С (сом) витаминин жашырып-жаап, жең учунан бере баштаса болот. Себеби, ымыркай депутат телчигип тааныш-тунуш күтүп, маянасы жетишсиз боло баштайт. Тежигирээк «бөлтүрүк» депутаттарга Д (доллар) витамининен деле бере берсе болот.