Мурунку Ош мэрлеринен ким Жогорку Кеңешке депутат болду? Ош шаарынын оозго алынган мурунку мэрлеринен Мелис Мырзакматов, Таалайбек Сарыбашов жана Айтмамат Кадырбаев парламентке депутаттыкка талапкер болуп аттанган. 2006-жылы Өмүрбек Текебаев спикерликтен кетип, “Реформа үчүн” кыймылын түзүп, ага Атамбаев деген министр учкашып алат. Ошентип, 2006-жылы оппозиция бийликке каршы көтөрүлөт. Ош шаарында өткөрүлгөн антимитингди “көчө хулиганы” Айтмамат Кадырбаев деген “эркек ОБОНчу” башкарып, оппозиция лидери Атамбаевге уу тилин агыткан: “Текени” “эчкиси” менен алып келип мууздап, жамбашын аксакалдарга тартып, “көтөн чучугун” оппозицияга жедирем» - деп.
Текебаев менен Атамбаевге опурулган эргулдун, Убактылуу өкмөт дайындаган Ош облусунун СДПКчы губернатору Сооронбай Жээнбековду итерип салып, ордун мыйзамсыз тартып алган учурлары да болгон. Кийин антимитингде Атамбаев менен Текебаевди ашата сөккөн сөздөрү, губернатордун ордун тартып алган мыйзамсыз иштери үчүн сот жообуна тартылбай, Атамбаевдин бийлиги учурунда Ош шаарына мэр болгон.