Ички иштер министри Улан Ниязбеков “Койдон жоош, коендон жапыз” болуп жүрөт. Жүрө берсин кимдер гана министр болбоду, Атамбаев бети кызарбай туруп “телохранители” дагы бир Уланды министр кылган. Олигарх министрлерден тажашты окшойт, азыр жансакчы, мал сакчы полковник Уландарды генералдардын үстүнөн каратып койчу болду. Полковниктер көз ачып жумгуча генералды алышат. «Телохранитель» Улан Исраилов, президент муштагыласа үн каткыс Кашкар, эми дагы Улан Ниязбеков. 


Мына азыркы учурда абал ушундай. Уурулар ээн-эркин уурулук кылышып чалчактап жүрүшкөнүнүн себеби барбы? 1953-жылы Сталиндин көзү өткөн соң, ал кездеги НКВД жетекчиси Лаврентий Берия түрмөдө жаткан көп кылмышкерлерге мунапыс берип, СССРге бандиттер толуп кеткен дешет. 2020-жылодын октябрында бийлик алмашкан соң да бир топ түрмөдө жаткан адамдарга мунапыс берилген. Балким уурулардын солкулдабай күчөп турганына мунапыс себепкер болуп жүрбөсүн? Эмнеси болсо да тынч мамлекетте тынч уктаганыбыз жакшы эмеспи. “Менин милициям мени коргойт” –деген Владимир Маяковскийдин сөзү азыр да күчүндө. Укиап жатсаң, терезеңден түшүп уурулар өз каалаганын кылып жүрүшсө ушул жакшылыкка алып келеби? Эгер сиз уурулардын колунан жабыр тарткан болсоңуз же кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо 102 кыска номуруна чалыңыз –деп жатышат. Уурулар жылдын кайсы мезгили болбосун үйлөрдө, коомдук транспортто, соода түйүндөрүндө, базарларда жана эл көп чогулган жерлерде уурулук жасашат.Үйдү карактаган уурулардан кантип коргонууга болот. Имиш-имиштерден улам кээ бир милиция кызматкерлери мындай каракчы ууруларга «крыша» болуп жатат деген сөз да тарап жатат. Булардын тамырын кыркуу керек:


Абды Суталинов – Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды.


Темирбек Акматалиев - Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюз «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.


Бакирдин Субанбеков ( 2002-2005) – Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып» Кытайдын «Джунда» мунайзат кайра иштеттүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган.


Мурат Суталинов (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап КГБга кеткен.


Суваналиев - 2016-жылы ноябрда жанында кошо жүргөндөрдү сатып, министр болгон. Ошол жылы эле декабрдын аягында кызматынан кетип, Кулов менен биригип «Бириккен, фронтту» түзгөн.


Болотбек Ногойбаев (2007 -2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысынын министри. Оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да жок болгон.


Молдомуса Конгантиев (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, талас элинин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.


Болот Шерниязов (2010-жылы); Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМК СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи кыргыз!!


Кубат Байболов (2010-жылы) Эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.


Зарылбек Рысалиев (2010 -2012) Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп «борттон» ары ыргытылган.


Шамиль Атаханов (2012- жылы) Аны мазактап ары-бери калчап жүрүп, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.
Абдылда Суранчиев (2012 – 2014) Бул министрди «дудукка» айлантып, үстүнөн «тон бычып» калган.


Мелис Турганбаев (2014-2016) Акмат Бакиевди колго түшүрүп, бошотуу үчүн миллиондогон доллардан баш тартканы үчүн, андан өч алгысы келгендер «каралап» жатыр. Бирок оңой менен моюн бербейт. Анткени, бышкан.


Кашкар Жунушалиев -2016-жылы бир аз турду.Атамбаев муштагыласа да генералдардын алдында туруп бергени бар.Ага караганда Атаханов айтыша кеткен.


Улан Исраилов – 2016-2018-жыл, Атамбаевдин «телохранители»;


Кашкар Жунушалиев -2018-жылдан баштап -2020-жылга чейин.


Улан Ниязбеков-2020-жылдан баштап министр.

Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, олигархка айланганын кайда жашырабыз? Кайыңды кабель ...

Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып ...

Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы экс-депутат Самат Ибраев ...

Кубанычбековдун камалып жатканына катуу кайгырып жатканын Мишустин менен кер-мур айтыша кетчү ...

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 2021-жылдын 1-ноябрынан көтөрүүгө ...

Чүй облусунда Ысык-Ата районунан бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайланган Акбөкөн Таштанбеков ...

Жогорку Нарын ГЭСинин курулушу үчүн «Русгидро» 37 млн доллар берип, бул ГЭСтер курулбай, акча ...

Адахан Мадумаров 14, 17 жана 18 январда Башкы прокуратурага чакыртылган. Ал чек арадагы жерди берип ...

Жогорку Кеңештин отурумунда атажурчу депутат Айбек Осмонов  Абылгазиевдин учурундагы мамлекеттик ...

Рыскелди Момбеков Бишкек шаарындагы кайра шайлоодо өз талапкерин койгон. Башкы прокурор Курманкул ...

Өзү үчүн арстандай иштегендер, эли үчүн арыс чычкандай иш бүтүрө алабы? 2015 жылдан БНИЦТО ...

Евразиялык өнүгүү банкы жазга чейин доллардын курсу канчага көтөрүлөрүн айтты. ЕАӨБдүн ...

Каржы министрлигинин айтымында орто эсеп менен судьялардын айлыгы 81 000 сомдон 160 000 сомго ...

TPL_BACKTOTOP