Каржы министрлигинин айтымында орто эсеп менен судьялардын айлыгы 81 000 сомдон 160 000 сомго көтөрүлгөн. Ал эми 3000 же 5000 сом алган пенсионерлер эптеп-септеп оокатын кыла бериш керек. Ачка элди, «акча» соттор мүлжүп жешеби? Эл жакырданып, соттор байып бараткандын себеби коррупциядан уламбы? Соттор мурун эле «сол» тараптан тапкан пайдалары үчүн элден өзгөчө жашап келишкен. Эми 160 миң сом алып жатабыз дешип ачык эле элден айырмаланып  жашай башташабы? Алсак  УКМК кылмыш ишин козгогондуктан Жогорку Соттун судьясы  Дильфуза Боронбаева президенттин сунушу менен кызматынан убактылуу кеткен. Анын ичип жегендери такталып жатат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «жиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айткан. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? УКМК тарап сотторду текшерип жатат. Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом), өтүгү миң доллар (84 500 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар (8 млн 300 миң сом).

Ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, олигархка айланганын кайда жашырабыз? Кайыңды кабель ...

Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып ...

Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы экс-депутат Самат Ибраев ...

Кубанычбековдун камалып жатканына катуу кайгырып жатканын Мишустин менен кер-мур айтыша кетчү ...

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 2021-жылдын 1-ноябрынан көтөрүүгө ...

Чүй облусунда Ысык-Ата районунан бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайланган Акбөкөн Таштанбеков ...

Жогорку Нарын ГЭСинин курулушу үчүн «Русгидро» 37 млн доллар берип, бул ГЭСтер курулбай, акча ...

Адахан Мадумаров 14, 17 жана 18 январда Башкы прокуратурага чакыртылган. Ал чек арадагы жерди берип ...

Жогорку Кеңештин отурумунда атажурчу депутат Айбек Осмонов  Абылгазиевдин учурундагы мамлекеттик ...

Рыскелди Момбеков Бишкек шаарындагы кайра шайлоодо өз талапкерин койгон. Башкы прокурор Курманкул ...

Өзү үчүн арстандай иштегендер, эли үчүн арыс чычкандай иш бүтүрө алабы? 2015 жылдан БНИЦТО ...

Евразиялык өнүгүү банкы жазга чейин доллардын курсу канчага көтөрүлөрүн айтты. ЕАӨБдүн ...

Ымыркай депутат депутаттык ордун майлайм деп маянасы жетпей калган учурлар болот, ошондуктан ага ...

TPL_BACKTOTOP