- Бакиевди алып келе аласыңарбы? - деген суроосуна Камчыбек Ташиев: Ооба, Бакиевди акыры биз алып келебиз, - деп жооп берип когон. Ушул жерден Убактылуу өкмөттүн күнү тууп жиберди. Лейлектен келген видеоматериалды Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бир кабинетке чогулуп көрүп, сүйүнгөндөрүнөн коньяк да ичип жиберип, дароо эле КТРге жөнөтүшүптүр. Шайлоого төрт күн калган эле.
Ушул жерден Убактылуу өкмөт чоң ката кетирген. Эгер бир аз күтө туруп, шайлоого бир күн калганда кетиргенде «Ата- Журт” партиясы түндүктөн өтпөй калат элек. Анткени, Ташиевдин бул сөзүн КТРден көрсөткөндөн кийин түндүк тарапта партия ичинде катастрофа жүрүп кетти. Штабдарда бир дагы агитаторлор калбай, штабдарды жаап салып, качып кетишти. Республикалык штабга Э.Каптагаев уюштурган 30дай киши келишип, сыртта илинип турган баннерлерди сыйрып, өрттөп салышты. Муну да КТРден тынбай көрсөтүп турушту. Булардын баарын Каптагаев телефон аркылуу башкарып турду.
Таластан Дастан Жумабеков телефон чалып, кадимкидей эле жашыды, - Камчыкенин бул эмне кылганы? Менин отуздай эле балам калды. Штабда отурам. Сыртта КамАЗдар менен келип тегеректеп, сигнал басып турушат. Өрттөйбүз деп жатышат, эмне кылам? - деп. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында эч ким жок. Баары өчүк. Республикалык штабда жалгыз Жапаров калган.