Адахан Мадумаров 14, 17 жана 18 январда Башкы прокуратурага чакыртылган. Ал чек арадагы жерди берип койгону үчүн жооп берген. Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында парламенттен макулдук сурап кайрылган. ЖКнын отурумунда парламент депутаттык комиссия түзүштү.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара жер участокторун бөлүштүрүү маселеси 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылган. Ага ылайык, Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордону менен коңшулаш Согду облусундагы “Канибадам” көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электрлиниясын куруу үчүн Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 50 жылга ижарага берген. Тажикстан анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн чек аралаш аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек.
Мадумаров коопсуздук кеңешининин катчысы болуп турган 2008-жылы 26-ноябрда токтомдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына тура келет деп көрсөтүлгөн. Ал үчүн жол жана көпүрө курууга Исфара дарыясын жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан каралган. Тажик тарап бирок бул милдеттемесин уруп да ойнобой, тоготпой койгон. Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча 6 миллион 300 миң еврого каржыланган. Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган.
Кыргыз-тажик чыры ошондон бери түгөнбөй келатат. Тажикстандан кайрый турган жерлерге алар орун-очок алышып, ал эмес үй кура баштаганда кыргыз жарандары алар бул чыр жер экенин эскертишип ортодо чырлар болуп келатат.