Оогандык «талибан» бийлиги Казакстандагы болгон башаламандыктарга тиешеси жок экенин саймедиреди. 10-январда Казакстандын президенти Токаев чет элдик «боевиктер», алардын арасында ооганстандык талибандар, жакынкы чыгыштагы арабдар Борбордук Азиядагы өлкөлөр аркылуу киришип башаламандыктарды уюштурушкан деген. Талибанчылардын маалымат министринин орун басары Забихулла Муджахид орус маалыматчылары тарабынан бул маалымат байма-бай жүргүзүлүп жатканын, талибандар башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишпей турганын айтып чыкты.
Алаамат учурунда Алматыда террористтерди терип көмгөн көр табылган. Өлүкканадан (морг) белгисиз адамдар уурдап, жашыруун өзүнчө көмүшкөн 41 жоочулардын (боевик) денеси табылды. Эмне үчүн алар жашыруун көмүшкөн, себеби буларды денесинен улуту башка экени билинип, террористтик маанайда Казакстанга келишкени билинип калмак. Канат Таймерденовдун Telegram-каналынын билдирүүсүнө таянсак башаламандык учурунда жети жолу өлүкканаларга кол салуу болгон. Өлүкканаларга жеткизбей дагы канча жоочулардын денелери жашырылган? Январь иштери боюнча 695 кылмыш иштери ачылган. Бул ызы-чууда 4578 адам жапа чегип, 225 адам жок кылынган, алардын ичинде 19 милиция кызматкерлери. БУУнун билдирүүсүндө миңдеген адам жарат алган.