Орусиянын сунушун Женевада АКШ, Брюселлде НАТО, Венада ОБСЕ кабыл алышпай, жел ордуна көрбөй койгон соң, Орусиянын дасыккан саясатчылары Кытайдын Тайван боюнча көтөргөн маселесин коргойбуз деп ачык айта баштады. АКШнын Мамлекеттик департаменти Кытайды Тайванга карата басымын токтотууга чакырып жатат. Мекеменин расмий өкүлү Нед Прайстын билдирүүсүндө “Биз Пекинди Тайванга аскердик, дипломатиялык жана экономикалык басым жасоону токтотуп, анын ордуна демократиялык жол аркылуу шайланган өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог баштоого чакырабыз” деп айтылды.Андан бир аз мурдараак Тайван бийлиги Кытайдын сегиз бомбалоочу жана төрт тик учагы түштүк-чыгыштагы белги коюлган аймагына киргенин маалымдаган.


 Кытай Тайвандын эгемендүүлүк алууга болгон кандай гана аракети болбосун арты согушка алып келерин эскерткен. Бир нече күндөн бери кытайлык Аба күчтөрүнө таандык учактар аралга жакын учуп өтүүдө.Буга чейин АКШ президенти Джо Байден билдирүү жасап, Тайванды колдоо ниетин билдирген. Вашингтон Кытайдын билдирүүсүн кыжырдануу атап, чыңалуу тирешүүгө алып келерин белгилеген.

Кыргызстандан 2021-жылдын 31-майында уурдалып кеткен «Сапаттын» жетекчиси Орхан Инандынын үстүнөн ...

Улуттук лыжа боюнча курама команданын мүчөсү Максим Гордеев Бээжиндеги Олимпиадага лицензия алды. ...

Кубанын парламенти ЖККУга (ОДКБ) кошулуу тууралуу добуш беришти. Куба жакында ЖККУга (ОДКБ) кирүү ...

Женевадагы Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү эч маселе чечкен жок. Андан соң Орусия Брюсселде НАТО ...

TPL_BACKTOTOP