Кубанын парламенти ЖККУга (ОДКБ) кошулуу тууралуу добуш беришти. Куба жакында ЖККУга (ОДКБ) кирүү үчүн арыз берет.Бул чечим бир добуштан кабыл алынган. Женевадагы, Брюсселдеги, Венадагы Орусия менен Батыштын сүйлөшүүлөрү эч маселе чечкен жок. Орусиянын талабы аткарылбаса, кандай кокустуктар келип чыгышы мүмкүн:


1. Орусия НАТОнун душмандары менен бириге баштайт. Кайрадан “кансыз согуш” башталат. Кытай менен ШКУ аркылуу бириккен эми биротоло НАТОго каршы күчкө айланат. Иранга,Түндүк Кореяга, Ливияга, Ооганстанга кол сунат.


2. Америка континенттиндеги АКШга баш бербей турушкан Куба, Венесуэла, Никарагуа сыяктуу мамлекеттеди жанына топтойт. Керек болсо ал жакка ядролук куралдарын жайгаштырат.


3. ЖККУ (ОДКБ) Казакстанда өзүн көрсөтүп койду.Орусиянын тогуз облусу менен чектешкен, миңдеген чакырым чек ара линиялары бар Казакстандын 18 пайызы орустар. Казакстанга 70 учак менен аскерин кийирип, башаламандыкты заматта таш-талканын чыгарды. Калгандары аны колдомуш болушту. Орусия НАТО менен тирешип турганда Казакстанды колдон чыгарбай кармап калганы дурус болду. Болбосо, бул мамлекетти колдон чыгарып жиберсе Орусия үчүн өтө жаман болмок.


1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн. Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. Бул келишим 1994-жылы күчүнө кирип, беш жыл сайын узартып туруу каралаган, 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан бул келишимди узартышып Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан.

Орусиянын сунушун Женевада АКШ, Брюселлде НАТО, Венада ОБСЕ кабыл алышпай, жел ордуна көрбөй койгон ...

Кыргызстандан 2021-жылдын 31-майында уурдалып кеткен «Сапаттын» жетекчиси Орхан Инандынын үстүнөн ...

Улуттук лыжа боюнча курама команданын мүчөсү Максим Гордеев Бээжиндеги Олимпиадага лицензия алды. ...

Женевадагы Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү эч маселе чечкен жок. Андан соң Орусия Брюсселде НАТО ...

TPL_BACKTOTOP