Өзү үчүн арстандай иштегендер, эли үчүн арыс чычкандай иш бүтүрө алабы? 2015 жылдан БНИЦТО мыйзамсыз иштеп жатканы белгилүү болду. 2004-жылы Акаевдин жардамы менен БНИЦТО түзүлгөн. 90-жылдары Накен Касиев жетектеген «Манас», «Манас таалими», «Ден-Соолук» программалары буга жол ачкан. Акаев менен Накен Касиевдин реформасы советтик медицинанын таш-талканын чыгарып, министр менен граф Сабыр Жумабековдун күрөшүнө алып келди. Граф Сабыр Жумабеков ушул борбордун аркасы менен жетишкендикке жеткен. БНИЦТО 2017-жылдан толугу менен мамлекеттик бюджеттен камсыз болуп келген. Ар бир президенттин кареги менен тең айланган Граф элди-журтту теңсинбей калган.
Президент Роза Отунбаевадан «Манас» орденин алган Граф «Кыргыз Эл Баатыры» болом деп умсунуп калган. Ушул иштердин башында турган Касиев 1988-1991-жылдары министрдин орун басары болсо, 1991-жылдан 1999-жылга чейин Саламаттыкты сактоо министри болгон. 1999-2000 мамлекеттик катчы, 2000-2005-жылга чейин Ош облусунун губернатору болуп Акаев менен кошо ушаланып кеткен.