Атамбаев прези дент кезинде Мырзактовго көргүлүктү көрсөткөнү белгилүү. «Оштун ханы» дешип, Мелис Мырзакматовду баатыр көрүп келаткан фанаттары, өкүл балдары тилдерин бир жерине тыгып алгандай тынчышты го? Парламенттик шайлоодо Мырзакматовду бозортуп кетишти. Эми ал Бишкектен шайлоого аттанайын деп , жеңилип калуу ызасынан чоочуп турат. Аны 2014-жылы Атамбаев сабабаса да «башынан ылдый жугунду куйган». Ошто мэр болуп турганда жээнбеков Оштун губернатору эле. Жээнбеков президент кезинде аны менен Түркияда жолугайын деп барса кабыл албай коюптур.
Садыр Жапаровко атаандаш фигура катары чыга албайт экен. Садыр Жапаров 2010-жылдан кийин сауанадан Мелис Мырзакматов менен чатакташып, сабап салыптыр. Биздин ынанымдуу булактарыбыз билдиргендей, Мелис андагы «атажуртчулардын» анабашы Мыктыбек Абдылдаевге асыла берип, Садырдын эскертүүсүн укпаган соң аягында муш жеп, жерге жатып калганын тастыкташты...
Кийин дал ушундай тепкини дагы бир күркүл саясатчы да көргөнүн ишенимдүү булактар айтышууда. Дал ушул мушташка Садыр Жапаровдун жакындары күбө болушуп, көргөнүн саймедирешти. Алтынбек Сулаймановдон таяк жегени болбосо, калганын барын жайлай берген экен.