Омикрон-штамм COVID-19 Кыргызстанеда 2022-жылдын 12 январында катталды. Эдил Байсалов көзү ачыктык кылып мурун өткөн жылы эле келип,кетет десе, эми февралдын ортосунда күчөп, мартта бүтөт деп жатат. Коронавирус жанданган сайын кээ бирөөнүн ирбити өсө баштады. Жээнбековго жалдырап жүрүп Улуу Британияга элчи болгон Эдил Байсалов коронавирус качан болорун так айта албай, элдин башын айлантты. Министр Алымкадыр Бейшеналиев "7-каналга" берген маегинде аны жинди десе «апторыкатым» өсөт, мени «жинди» дегиле деп манчыркайт. Депутаттар Байсаловду «ар» деп беттен алса, кээ бирөө: «Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда беш-алты миллион адам вакцина алып бүттү. Силер ошондой жумушту аткарган жоксуңар. Министр «аконит» (уу коргошун) деп канча адамдын башын айлантты. Эми «аконитовый министрге» карабастан эмдөөдөн өтөбүз деп калганда вакцина жок. Мээсинен айнып калган министриңер ушул жерге келип жооп берсин же жумуштан кетсин. Медицина кызматкерлери кантип чыдап отурасыңар, силер кесипкөйсүңөр го, айтпайсыңарбы...», — деп билдирген.
Бирок Алымкадыр Бейшеналиев өзү бул сын-пикирлерди олуттуу кабыл албай, депутаттар аны канчалык көп сындаса, анын эл арасындагы аброю ошончолук жогорулай турганын айтты: "Биз Кыргызстанда жашап жатканыбызга сүйүнүшүбүз керек. Анткени, бул жерде бардык нерсени айтууга болот. Сөз эркиндиги күч. Элдер кандай гана сөздөрдү айтышпайт. Президенттен баштап министрге чейин каалаган нерсесин сүйлөшөт. Бардык депутаттар мага каймана аттарды коюшту. Депутаттар мен жөнүндө айтып жатканда менин аброюм гана көтөрүлөт. Эл ойлосо керек: бул жинди кантип министр болуп дайындалган?, - деп.
«30 жылдан бери талкаланган саламаттыкты сактоо тармагын эки айдын ичинде калыбына келтирдим. Дарыгерлер СССРге кайтып келгендей болуп калдык дешти. Менин реформамдан кийин башкы дарыгер баарына жооптуу. Буга чейин беш жооптуу болгон жана алардын бири дагы жоопкерчилигин так аткарбай качып турушкан. Бейтаптар ооруканаларга кире албай калышкан. Эми азыр мындай көрүнүштөр жок. Менин командам күн сайын иштеп, башы менен баарына жооп берет ", - деп белгиледи Бейшеналиев.