Жапаров Таласка бекер жеринен барган жок. «Кумтөрдү» кайсап бүттү, эми Атамбаевдин заманында Бабановдун жайытына айланган «Жер-Үйгө» көз арта баштады. 2010-жылы биринчи вице-премьер –министр кезинде эле аны жайламак. Биринчиден, ал кездеги таластык премьер-министр Данияр Үсөновдон өтө алган жок. Экинчиден ал кездеги Ичски Иштер министри Молдомуса Конгантиевди ээрчитип алып Таласка «порядок» орнотом деп барганы эмне менен бүткөнүн көпчүлүк билет. Билбегендерге Жапаров аялдын киймин кийинип, жоолук салынып алып иниси менен Конгантиевди элге салып берип, өзү жашынып алып качкан. Таластыктар кокус Жапаровду кармасак эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбейбиз деп ызаланып жүрүшкөнү чындык.Эми Таласка барыптыр кулагына «бирка» бастырып келдиби же курсагына чучук батырып келдиби, ким билет, Таласты санариптештирем деп күпүлдөдү. Аймактын санариптик картасын түзөм дегени менен оюунун бары Жер-Үй болуп турду. Бишкекте былтыйып ичеги-карды чубалып жатат. Ал алып келген Бажы бажаргыч Кубанычбеков коррупция менен колго түштү, ал Салымбеков менен бирге алып келген Файзиевге каршы бийлик Равшан Сабировду койду.
«Даттангың келсе С. Жапаровко бар, мактангың келсе А.Жапаровко бар»-деген кеп бар. Ким тепкилесе жагынып жабышкан Жапарповго бары деңизчи? Мишустинден кагуу жеген Жапаров жаңы жыл алдында оозун жалаяктай кылып, Мишустинге жагынып жаңы жылы менен куттуктаган. Балким бул акыркы жаңы жылында Мишустинге көрүнүп алайын дегениби? Депутат Сарыбашов жасалма диплому менен жүргөнү үчүн жооп береби?