Жапаров жетектеген Министрлер кабинети айылдык аймактар түз баш ийе турган мыйзамды таңуулашкан. Орусияда кадрдык резервдер 100 миңдеген адамдын арасында ачык конкурстук негизде тандалып алынат. Бизде да муниципалдык кадрлар резерви түзүлдү. Ош шаарындагы кеңешмеде опурулуп жаткан Жапаров акимдерге кайрылып, эми эми башыңарга бакыт, колуңарга чоң бийлик келди, элди мүлжүсөңөр мүлжүй бергиле дегендей кылды. Жапаровдун реформасы ушундай акимдерди күчтөп элдин оозун басыш керек. Реформалоо иштери тереңдеп баратат. Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, экс-министрлер Исмаил Исаков, Бекболот Талгарбеков сыяктуу көпчүлүк кыргыз жарандары мамлекетибиздеги азыркы реформаланууну өзүнүн ой-пикирлери менен толуктап жатышат. Ал эмес облустарды жоюп, райондорду бириктирип, айыл аймактарын ирденттүү тууралуу көз караштарын байма-бай айтып келүүдө. Бирок алардын сөзүнө эч ким кулак кагышкан жок. Балким биз мынчалык реформага барган соң аягына чейин чыгышыбыз керектир.
Кыргызстанда 44 район болсо, көпчүлүк райондун акимдери жаңы дайындалды. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси район акимдерин ротациялоодо бир нече критерийи эске алынганы билдирди. Ага ылайык, аттестациядан өткөн, өз ордуна ылайык келген кадрлар тандалып, «түндүк аймактан түштүккө», «түштүк аймактан түндүккө» деген жобо менен которулду. Акимдерди ротациялоо «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү» жарлыкка ылайык жүргүзүлүп жатат. Анда мындай чечим коррупцияны жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.