Тажикстан да, Кыргызстан да ЖККУ (ОДКБ) мүчөсү демек бул чатак ЖККУ ичинде болуп жаткандыктан Москва, Алматы, Минск, Ереван эриндерин тиштеп жатышат. Тажик жарандары Төрт к-Көчөдө автомашиналарга таштарын жүктөп келишип, аларды тажик чек арачылары шүмшүйүп ээрчип алышкан.Чек арачылардын ортосунда сүйлөшүүлөрдөн соң бул жерде ал –абал тынчыганы менен Чыр-Дөбөдө кыргызстандыктарга каршы ок атылган. Алар ок атышкан соң кыргыздар жөн калмак беле Төрт-Көчөдө жооп беришкен. Чек арачылардын компетенциясына кирбеген миномет менен тажиктер ок жаадырышат. Бул ошол жердеги чек ара тартибин бузгандыкка жатат. Тажиктер атайын келип бул жерде провокакация жасап жатышканы белгилүү болду.
Ок атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө деген жерлерде уланган. «От менен ойнобо» дейт, тажиктердин мындай жортуулу эла аралык деңгээлде терс пикирге кабылып турат.
2021-жылдын апрелдин аягында тажиктер менен кагылыш болгон. Тажик – кыргыз чыр чатагынан соң кыргыздар Тажикстанга кете турган контрабандалык жолдорду бууп салып, алар бизге тишин кайрап турган убагы. Тажикстандык оппозиционер Facebook баракчасына Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жатканын жазып чыкты. Кимдер төңкөрүш уюштурууга даярданып жатат? «Үшүгөн табарсыктай» болгон Равшан мырзабы? Ал «Ата-Мекен» партиясына таянып министрге жеткени менен пара менен кармалган. Арийне, жалаа жаап камалгандар соттон акталышса пара алган бул тажик деле акталып алды. Вице-премьер болду, ал жерден жалпайып президентке кеңешчи катары эптеп бийликте жүргөндө тажик кандаштарына жардам бербей калсын. Тагаларына тартып Курсан Асанов аракет кылып жатабы? Ал кыргыз дегенде кырынан жатуучу өтө жигит. Баягы эле биздин «кыргызбай таарынчак оппозиционерлер» тажик президенти Эмомали Рахмондон финансылык жардам алышып, кыргыз бийлигин алмаштырып, чаң - тополоң кылууга даярданып жатышы мүмкүнбү?