“Дважды” баатыр болгондор көп, ал эмес Леонид Ильич Брежнев беш жолку баатыр болгон. Бирок, “дважды” депутат болгондор дүйнөдө жок. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутат болгон Исхак Масалиев экинчи ирет Биринчи май округунан депутат болгусу келет. Ылайым депутат болсун,кокус депутат болуп калса Гиннестин китебине түз эле жазылары бышык. Бирок, ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутаттыгын алып ордуна башканы койгусу келет.Бизде мыйзам деген бышкан эмес ,алгач “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан депутаттыгын алып, анан талапкердигин койсо болмок. Өтсө өтмөк, өтпөй калса талаада калмак.
Каякка барса да марксизм –ленинизмдин булактарын колтугуна кыпчып жүрө турган Исхак Масалиев аларды урматтаган жалгыз кыргыз болсо керек. Керек болсо көрүстөнгө да, казиного да ала жүрөт дешет. Убагында Гиннес китебине жазылбай калган бир жорук бар, ал бир үй-бүлөдөн мамлекеттик парламентке үч адамдын: Апсамат Масалиев, Исхак Масалиев жана Эркинбек Матыевдин чыгышы болгон. Өзүнчө бир фракция түзүлгөн. Экөөнү кара жер алып кетти, Исхак Масалиев “старик” депутатка айланган. 2007-жылы партиялык парламентке шайлоо өткөндө “Ак-Жол” 71 мандат, СДПК -11 мандат, коммунисттер -8 мандат алган. 2010-жылы аны ыраматылык Үсөн Сыдыков менен топуракка оонатып жатып, партиясы шайлоого барбай калган. 2015-жылы “Өнүгүү” партиясын баштап барган, эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясында экинин бири. СССР убагында компартияга өтүш үчүн эки партиянын мүчөсүнүн сунушу менен, бир жыл талапкерлик убакыт керек болгон. Ал эми Масалиев тууралуу бир, эки ооз сөз айта кете турган болсок. Партиянын элеси эмгиче унутула элек. Ленинге сыйынып, Сталинге дуба кылган адам кээде элди толкундата сүйлөп Зюгановдой парламентте ээлеп албаса да депутаттан түшө элек.